Өлкө башчы Садыр Жапаров эртең, 18-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле кыргыз-өзбек бизнес-форуму уюштурулуп, Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт.
Мындан сырткары мамлекет башчыларынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү аземи өтөт.
Президенттин мамлекеттик сапары 19-июлда жыйынтыкталат.