Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну ишке ашыруу экономикабыздын абалын түп-тамырынан бери өзгөртөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, аталган темир жолу дээрлик 4 миллиард адамды бириктирет.
"Мен биздин терең анализди талап кылган маалыматтарды берейин. 2023-жылы Европанын ИДПсы болжол менен 25,5 триллион долларды, Кытайдын ИДПсы болжол менен 18 триллион долларды түздү. Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы жарым триллионго жетпейт, тагыраагы, 454 миллиард доллар. Тилекке каршы, географиялык жактан ушундай ыңгайлуу абалда турган Кыргызстан соода порту катары өз ордун таба элек жана дүйнөлүк эки гиганттын ортосунда болуу менен өзүнүн потенциалын ача элек. Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштадык, ал дээрлик 4 миллиард адамды бириктирип, Азиядан Европага жүк ташуу географиясын кеңейтет" - деди ал.