Алагөзов Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жакындарынын кармалышы боюнча билдирүү жасады

Жогорку бийлик мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабайт. Мындай пикирин социалдык баракчасына президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов бүгүн, 17-июлда жазып калтырды.

Анын айтымында, бир нече маалымат сайттары президент Садыр Жапаровдун жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары кылмышка шектелип кармалганын өздүк булактарына шилтеме кылып кабарлашты. Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат бере тургандыгын кошумчалаган.

“Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун иштеп жаткан мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат”, - деп кошумчалаган билдирүүсүндө.

Бүгүн, 17-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровдун аталаш тууганы Улан Жапаров кармалганын билдирген.

Ага улай эле айрым маалымат каражаттары Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шектелип кармалганын жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан