Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-июлда блогер Назира Айтбекова социалдык тармактагы баракчасына 2 ай бою жашы жете элек кызды белгисиз эркек киши зордуктап жүргөндүгү жөнүндө маалымат жарыялаган. Анда шектүү жабырлануучу кызды окуя тууралуу бирөө жарымга айта турган болсо, "интернетке сексуалдык мүнөздөгү видеону жарыялайм" деп коркутуп келгени айтылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесине (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1987-жылы туулган У.Р. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда