Жо Байден коронавирус илдетин жуктуруп алды

АКШнын президенти Жо Байден коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьердин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Президент Жо Байденден Лас-Вегаста болгон биринчи иш-чарадан кийин COVID-19 аныкталды. Ал бир нече жолу эмдөө алган, илдеттин жеңил гана белгилери бар", - деген басма сөз катчы.

Жан-Пьердин айтымында, өлкө башчы карантинде болот. Ал Делавэрдеги үйүндө бардык кызматтык милдеттерин аткара бермекчи.



                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан