Таиланд полициясы Шерин Чонг аттуу аял Бангкоктогу люкс мейманканада беш кишини ууландырып, андан кийин өзүн ууландырган деп маалымдаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Агенттиктер полициянын маалыматына шилтеме жасап, өлүмдүн себеби цианидге уулануу болушу ыктымал деген.
"Таиланд полициясы башка шектүүлөрдү караштырган жок. Анткени сөөктөр табылган бөлмө ичинен бекитилип, ал жерден башка эч ким табылган эмес. Ошондой эле эч кандай мушташуунун да белгилери болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, Чонг адегенде башкаларды ууландырып, андан кийин өзүн-өзү өлтүргөн болушу мүмкүн.
Эске салсак, буга чейин Таиланддын баш калаасы Бангкоктогу люкс мейманканадан 6 чет элдиктин сөөгү табылган.