Бишкектеги үйлөрдүн биринен 34 миллион сом уурдалды

Бишкекте уурулукка шектелип 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-июлда милицияга М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үйүнө белгисиз жаран мыйзамсыз кирип, 34 миллион сомун уурдап кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1996-жылы туулган Т.Б. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Милиция анын жашанган жерин тинтүү учурунда 4 миллион 386 миң сом табылып алынганын кошумчалады.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

18.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан