АКШнын президенти Жо Байден миллиардер Илон Маскты "шайлоону сатып алууга аракет кылып жатат" деп айыптады. Бул тууралуу өлкө башчы Х социалдык баракчасына жазды.
"Мен шайлоону сатып алууга аракет кылып жаткан Илон Масктан жана анын бай досторунан чарчадым", - деп жазган Жо Байден.
Белгилей кетсек, буга чейин Илон Маск АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгүнө акча бөлгөнү белгилүү болгон.