Израилдин парламенти көпчүлүк добуш менен Палестина мамлекетин түзүүнү четке каккан резолюцияны кабыл алды. Бул туралуу Times of Israel гезити жазды.
Анда документти парламенттин 68 мүчөсү колдоп добуш берсе, 9 депутат каршы болгон.
"Израил парламенти Палестина мамлекетин түзүүгө чечкиндүү каршы. Израил жеринин чок ортосуна ал мамлекеттин түптөлүшү биздин өлкөнүн жана анын жарандарынын жашоосуна коркунуч туудурат", - деп жазылган резолюцияда.
Эске салсак, Армения, Словения ,Норвегия, Испания жана Ирландия өлкөлөрү Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныган.