Садыр Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда иш сапары менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы бул сапардын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.

Мындан сырткар Садыр Жапаров Кыргызстандын маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземине катышат.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;

- башкы прокурор Максат Асаналиев;

- билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;

- саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

- транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова;

- энергетика министри Таалайбек Ибраев;

- юстиция министри Аяз Баетов;

- президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

- архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев;

- мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;

- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов;

- президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;

- президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев;

- президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов;

- президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев;

- президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев;

- Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев;

- Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков;

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан