Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо фактысы боюнча Нарын шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын шаарынын У.М. аттуу тургуну кармалган. Ал узак убакыт бою социалдык тармактарда чагымчыл жана деструктивдүү мүнөздөгү материалдарды (посттор, комментарийлер, шилтемелер ж.б.) жарыялаган.
Дайындалган соттук-лингвистикалык жана соттук-саясий экспертизалардын жыйынтыктарына ылайык, М.У. тарабынан жарыяланган материалдарда массалык башаламандыктарга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктын белгилери бар экендиги аныкталган.
Кармалган жаран 2021-жылы Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринин активдүү мүчөсү болуп, аталган партиядан талапкерлигин койгон, бирок тиешелүү добуштарды ала алган эмес.
Ал Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.