Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барды. Бул туурасында өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчынын борту Ташкент шаарындагы Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.
Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайы менен тосуп алды.
“Мамлекеттик сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле башка расмий иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө”, - деп кошумчаланган маалыматта.
Айта кетсек, президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Ташкент жана Хива шаарларында өтөт.