Бүгүн, 18-июлда Ташкент шаарында өлкө башчы Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Садыр Жапаров “Куксарой” мамлекеттик резиденциясына келди. Анда эки өлкө лидерлери атайын подиумга чыгышты. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.
Ардак кароол бөлүгүнүн командири рапорт берип, андан соң Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев түзүмдү кыдырып өтүштү, кароолдун жоокерлери менен салам алышып, Өзбекстандын мамлекеттик туусуна таазим кылышты.
Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды. Андан ары Мамлекеттик резиденциянын фойесинде мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүү аземи болду.
Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Жапаров менен Мирзиёев тар курамдагы сүйлөшүүлөргө өтүштү.