УКМК Бишкектеги эки соода борбордун жетекчилерине иш козгоду

Бишкектеги "Аалам" жана "Кенч" соода комплекстеринин жетекчилерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, "Аалам" жана "Кенч" соода комплекстеринин соодагерлеринин жамааттык арызынын негизинде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган соода комплекстеринин директору И.А. жана ээси М.В. максималдуу пайда алуу жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында жасалма ижара келишимдерин түзүүнүн, ошондой эле укук белгилөөчү документтерди көрсөтпөстөн, белгиленген тартипте коммерциялык жайларды сатуунун мыйзамсыз схемасын уюштургандыгы аныкталды.

"Чындыгында, сатуу жайларынын наркы жана соодагерлер төлөгөн ижара акысынын өлчөмү салык отчёттуулугунун алкагында жооптуу адамдар берген расмий суммадан бир нече эсе көп болгон. Салык органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин натыйжасында аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган бухгалтердик жана башка документтер табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.

"Аалам" жана "Кенч" соода борборлорунун жетекчилиги учурда соодагерлердин ижара акысын 30 пайызга арзандатуу боюнча иштерди баштаганы айтылат. Ошондой эле аталган кылмыш ишинин алкагында салык карызынын суммасын жана мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча салыктык текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары УКМК тарабынан соода комплекстерди курууда уруксат алуунун мыйзамдуулугун аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары башталганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан