Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, "Манас" эл аралык аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов жана коммерция боюнча директор Аман Мамаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.
Анда жетекчилер Бишкектен Нью-Йоркко же Чикагого түз каттамдарды ачуу, ошондой эле жүк ташууларды уюштуруу жана эл аралык жеткирүү-тейлөө кызматтарын ачуу маселелерин талкуулашты.
Ага ылайык, АКШнын элчиси Лесли Вигери Кыргыз жарандык авиациясынын ИКАОнун эл аралык аудитинен өтүүсү тууралуу оң пикирин билдирди.
"Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) аудитинен өтүү ар бир өлкө, анын ичинде Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болуп саналат. ИКАО аудити улуттук авиациялык стандарттардын жана тажрыйбалардын эл аралык талаптарга ылайыктуулугун баалайт. Бул учуулардын коопсуздугуна, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимине жана өлкөнүн авиация тармагындагы жалпы аброюна таасирин тийгизет", - деди элчи.
Ал эми аэропорттун төрагасы Манасбек Самидиновдун айтымында, АКШ менен Кыргызстандын авиация тармагындагы кызматташтыгы стратегиялык маанилүү демилге болуп саналат. Ал Кыргызстандын авиациялык коопсуздугун, инфраструктурасын жана экономикалык өнүгүүсүн бир кыйла жакшыртып, өлкөлөр ортосундагы саясий жана дипломатиялык мамилелерди чыңдайт.