Кечээ Бишкек-Ош жолунун 64-чакырымында, тагыраак айтканда, Кара-Балта шаарында Гольф үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Унаанын күйүп кетишинин себеби электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушунан келип чыккан. Ошондой эле ӨКМнын басма сөз кызматы өткөн суткада республика боюнча 7 өрт кырсыгы катталганын кошумчалады.