Ташиев Аида Касымалиеванын ата-энесинин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты (видео)

Бүгүн, 19-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусуна иш сапары менен барып, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

Ал өз сөзүндө өлкө башчысынын атынан да көңүл айтып, кыргызстандыктар үчүн оор жоготуу болгондугун билдирди.

“Президентибиз Садыр Жапаровдун атынан да көңүл айтам. Жакындарына сабыр тилейм. Жаш балдардын чоң ата, чоң энеси менен жол кырсыгынан каза болгондугу оор жоготуу болду. Аида Касымалиева менен иштешип келе жатабыз. Анын апасы Бактыгүл Мырзаеваны жакшы билет элек. Ал өтө ийкемдүү, маданияттуу, билимдүү айым болгон. Анын элге кылган ак эмгеги калды”, - деди Ташиев.

Айта кетсек, Аида Касымалиеванын ата-энеси 17-июлда Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы жол кырсыгынан каза болгон.

Ташиев Аида Касымалиеванын ата-энесинин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан