Львов шаарында Украинанын Жогорку Радасынын экс-депутаты Ирина Фарионго кол салуу болуп, ал ооруканада каза болду. Бул тууралуу "УНИАН" басылмасы жазды.
Кечээ, 19-июль күнү экс-депутатты белгисиз адам башка атып, изин жашырып кеткен. Ал өтө оор абалда ооруканага түшүп, операция жасалган. Бирок, тилекке каршы дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Учурда полиция кол салган адамды издеп жатат. Окуяга күбө болгондордун айтымында, ок чыгарган адам Фарион жашаган үйдүн жанында бир нече күн болгон.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 12-февралында Львов шаарынын Галицкий райондук соту мурдагы депутат Фарионду “Львов Политехникалык” Улуттук университетинин украин тили кафедрасынын профессору кылып кайра ордуна коюудан баш тарткан.
Андан кийин эле Украинанын Коопсуздук кызматы Фариондун билдирүүлөрү боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар экспертизаларды дайындаган.