Майда бейбаштык үчүн 15 суткага камакка алынган казак ырчысы Кайрат Нуртас камактан бошотулду. Бул тууралуу казакстандык телеграм каналдар жазып чыгышты.
Аны абактан чыгып келе жатканда ата-энеси, достору, жада калса күйөрмандары тосуп алышкан.
"Тынчсыздангандардын баарына рахмат, мен жакшымын" деген Кайрат Нуртас.
Эске салсак, буга чейин белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртас дагы бир чыр-чатакка тиешеси бар болуп, кылмыш ишинде айыпталуучу катары сотко өткөнү белгилүү болгон. Тактап айтканда, ырчы учакта мушташкан. Бул үчүн сот аны күнөөлүү деп таап, 15 суткага камакка алган.