Демократ сенаторлордун көпчүлүгү Камала Харристин талапкерлигин колдошту

Демократиялык партиянын сенаторлорунун жарымынан көбү президенттик шайлоого АКШнын вице-президенти Камала Харристин талапкерлигин колдошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Кеминде 27 демократтын сенаторлору Харристин талапкерлигин ачык колдошту. Бул сан сенаторлордун көпчүлүк бөлүгү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

АКШнын Сенатындагы демократтардын жалпы саны 47 адамды түзөт.

Белгилей кетсек, Жо Байден президенттик жарыштан баш тартканын жар салып, Камала Харристин талапкерлигин колдогон болчу. Харрис бул боюнча билдирүү жасап, Байдендин аны колдогонуна сыймыктанарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан