Таиландда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасы 6 медалга ээ болду.
Жаш кыргыз балбандары 3 күмүш жана 3 коло медаль утушту.
Тагыраагы, Нуристан Сүйөркулов (60 килограмм), Кутман Темирбеков (72 килограмм) жана Эрлан Марс уулу (77 килограмм) күмүш медалга ээ болушту. Ал эми Ынтымак Өмүр уулу (55 килограмм), Сабит Шемшединов (63 килограмм) жана Артык Алымбек уулу (87 килограмм) 3-орунду ээлешти.
Кыргызстан жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду камсыз кылып, курама команда улук машыктыруучу Рыскулбек Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.