Минсктеги гала-концертте ырчы Бек Исраилов Орусиянын эл артисти, белгилүү ырчы Лариса Долина менен дуэт аткарды. Бул кубанычын ырчы өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады.
"Мен үчүн бул тарыхый күн. Дагы бир кыялым орундалды. Мен жасадым. Орусиянын эл артисти, улуу, кайталангыс Лариса Долина менен ырдадым. Сиз менен бир сахнага чыгуу оңой болгон жок. Чынын айтсам, сонун сөздөрдү камдап жаткам, бирок гүл көтөрүп сахнага чыгып, сизди көргөндө сүйлөй албай калдым.
Бул мүмкүнчүлүк үчүн Лариса Александровнага, кечени уюштурган уюштуруучуларга рахмат. Мындан тышкары видеону тарткан досторума да ыраазычылык билдирем. Аны монтаждап, оңдоп чыгарам. Азырынча сиздер менен ушул видеону бөлүшүп турайын", - деп билдирген Исраилов.