ИИМдин кызматкери Александр Волков: "Адам өмүрүн алган бычакты көчө шыпырып жүрүп тапкам"

SUPER.KG порталынын "Мен көргөн бир күн" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Манас районунун ички иштер башкармалыгынын Криминалистика кызматынын улук эксперти Александр Волков кызмат учурундагы эсте калган окуясы менен бөлүшөт.

Волков Александр 1996-жылы Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылында туулган. Ал 2017-жылы ИИМдин академиясын аяктаган. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин эмгек жолун алгач өз айылында аймактык милиция кызматкери болуп баштаган. Көп өтпөй, тагыраагы 2 айдан кийин Манас РИИБинин Криминалдык милициясына өткөн. 2019-жылдан 2021-жылга чейин Манас РИИБинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматында иштеген. Учурда ушул эле райондун Криминалистика кызматынын улук эксперти болуп эмгектенет.

"Академияда баткендик кыргыз бала экөөбүз бири-бирибизге мугалим болгонбуз"

- Мен 2 жашымда ата-энем эки жолго түшүп кетишкен. Апам Казакстанга кетсе, атам Орусияга кетип калган. Мен таенемдин колунда өстүм. Айылда чоңойгондуктан кыргыз балдар менен дос болуп, кыргызча жакшы эле үйрөнгөм. Мектепте дагы кыргыз тилдүү класста окугам. Бирок юридикалык иш кагаздарда колдонулчу кыргызча сөздөрдү академиядан үйрөндүм десем болот. Ал жерде окуп жүргөндө Баткенден келген группалашым Рустам деген жигит орусча билчү эмес. Анан ал "сен мага жалаң кыргызча сүйлө, мен сага орусча сүйлөйүн" деген сунуш киргизип, бири-бирибизге мугалим болгонбуз. Ошентип окууну бүтөрдө мен кыргызчаны жакшы өздөштүрдүм, ал болсо орусчаны так сүйлөп калды.

"Тойлордо кыргызча сүйлөп таң калтырам"

- Менин жакын санаалаштарымдын, досторумдун көбү кыргыздар болгондуктан алардын тойлоруна көп эле катышып калдым. Жакшылык тойлордо тамадалар "орус жигитке сөз берели" деп ар дайым мага сөз узатышат. Мен кыргызча сүйлөп, аларды таң калтырам.

"Шектүүлөр Бишкекке качып бара жаткан жолдо кармалган"

- 2017-жылы опер кызматкери болуп иштеп жүргөн кезим. 4-октябрда нөөмөттө болуп, 5-октябрда эртең менен жумуштан чыккам. Жумуш боюнча нөөмөттөн кийин 1 сутка эс алыш керек. Бирок мен үйгө келгенде эле нөөмөттөгүлөр чалып, "Покровка айылында киши өлтүрүү болду, ошол жакка бар" дешти. Аңгыча мени кылмыштар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси өзү алып кетти. Биз бөлүмгө бара жатканда айылдан Бишкекке кетчү такси менен 55-60 жаш курагындагы эркек менен аял киши кетип жатканын көрдүм. Мурун ал экөөнү Покровкадан Бишкекке кетчү адамдардын арасынан көрчү эмесмин. Бул мен үчүн шек жаратты.

Биз бөлүмдөн кийин түз эле окуя болгон жерге бардык. Ал жерден орус улутундагы адам бычак менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүн аныктадык. Анан аны менен чогуу спирт ичимдигин ичкендердин бири келип калды. Жаранды суракка алганыбызда ал бизге 4 адам болуп чогуу спирт ичимдигин ичип отурушканын, кийин өзү кетип калганын, үч шериги калганын айтып берди. Мен дароо түшүнүп, жанымдагы жетекчиге "алар Бишкекке кетип бара жатышат" деп айттым. Экөөбүз барсак алар такси менен кетип калышыптыр. Ал жерден кезекте турган таксисттен алдыга кеткен айдоочуга чалдырып, "шек бербей акырын айдасын" деп айттырдык да, артынан түштүк. Биз аларга Манас районунун аймагынан чыгып бара жатканда жетип, шектүүлөрдү РИИБге алып келдик.

Эки жаранды кылмыштар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси суракка алып жаткан учурда мен жубайлардын жашаган үйүнө бардым. Үйүнүн короосундагы отургучта кийимдер жайылып турган экен. Арасынан сол жеңинде кандын тактары бар жакалуу көйнөктү таптым. Кайра бөлүмгө келип, шектүүлөргө жашаган жериңерге барып текшерүү кылабыз дедим. Ошондо эркек киши "ооба, мен кылгам" деп күнөөсүн моюнуна алды. "Ал ичип отурганда менин аялымды туура эмес карап койду, мен колумдагы бычак менен жүрөк тушка сайып салдым" деди. Ал эми бычакты кетип баратып жолдогу чуңкурга таштап салганын айтты. Окуя болгон жерден жарым чакырым алыстыктагы жолдо чуңкурлар көп болчу. Кызыгы, мен бычакты айтылган жерди шыпырып жүрүп тапкам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан