УЕФА украиналык клубду европалык мелдештерден четтетти

УЕФА уюму украиналык "Днепр-1" футболдук клубун 2024/25 сезонунда Конференция Лигасынан расмий түрдө четтетти. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

"Днепр-1" командасы Конференция Лигасынын экинчи квалификациялык баскычынын алкагында венгриялык "Пушкаш Академиясы" клубу менен ойномок. Бирок УЕФА украиналык клуб бул оюнга жоопкерчиликсиз мамиле кылганын айтып, клубду расмий түрдө европалык мелдештерден четтетти.

Буга чейин Украина чемпиондуктун акыркы сезонунда төртүнчү орунду алган "Днепр-1" клубу банкрот болуу алдында турат жана ишин токтотушу мүмкүн деген маалымат пайда болгон. Клуб 2015-жылдын ноябрь айында түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан