Казак продюсери кыргыз ырчы жигитине Toyota Camry белек кылды (видео)

Ырчы, обончу Наарын Сүйүнтбековго продюсери унаа белек кылды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Анда Сүйүнтбековдун продюсери Аслан Менесбаев өзүнүн туулган күнүнүн урматына ырчыга темир тулпар белек кылган.

Өз кезегинде ырчы продюсерине ыраазычылык билдирип: "Ишеничиңизди актайбыз. Жезде, сиз бизге берсеңиз, Аллахым сизге миң эселеп кайтарсын", - деп жазган.

Белгилей кетсек, ырчы Наарын Сүйүнтбеков "Аруузатым", "Айым, күнүм", "Мен үчүн өмүр сүрчү, жарыгым" деген ырларды аткарып, күйөрмандарын топтогон.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан