
Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар арасындагы жаштар курама командасы (U-20) Мальдив аралдарынын Мале шаарында өткөн CAVA чемпиондугунда биринчи орунду ээледи.
Чемпиондукка жалпысынан төрт команда катышты. Кыргыз кыздары алгачкы эки оюнда Непал менен Мальдив курамаларын 3:0 эсебинде утса, үчүнчү оюнда Шри-Ланкага 3:2 эсебинде утулган.
Топтолгон упайлардын негизинде Кыргыз курамасы финалга чыгып, кайра эле Шри-Ланка менен финалда ойноду. Анда Кыргыз курамасы реванш алып, 3:0 эсебинде Шри-Ланканы жеңип алды.
Жыйынтыгында Кыргыз курамасынан 4 волейболчу кыз турнирдин мыктысы болду. Алар:
Мыкты чабуулчу - Роза Расулбек кызы;
Мыкты байланыштыруучу - Алия Керезова;
Мыкты тосмочу - Сайкал Амиракулова;
Мыкты диагональ чабуулчу - Айтурган Айтбекова;
Турнирдин эң мыкты оюнчусу - Роза Расулбек кызы.
Курама команда башкы машыктыруучу Курсантбек Уланбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.