Башкы машыктыруучу Максим Лисицындын жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын улуттук курама командасы 23-июлда Жалал-Абад шаарынын "Барселона" футбол академиясынын базасында селекциондук окуу-машыгуу жыйынын баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Машыгууга жалпысынан 26 оюнчу чакырылды. Алардын көпчүлүгүн жаштар түзөт.