Москвада таң эрте Toyota Land Cruiser жарылды. Ага бомба койгон жигит видеого түшүп калган

Москванын түндүгүндө бүгүн эртең менен ичинде адамдар бар болгон Toyota Land Cruiser унаасы жарылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, унаада аялы менен күйөөсү болгон. Алар учурда оор абалда ооруканада. Жардыруу Синявинская көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунда болгон.

Көп өтпөй унаада орус армиясынын офицери Андрей Т. аялы менен болгону такталган. Жарылуудан кийин анын буту жулунуп кеткен.

Кийинчерээк Телеграм каналдарга белгисиз жигит жол тандабаска бомба коюп жатканы тууралуу видео тарады. Учурда жеринде укук коргоо органдары иштеп жатат.

Москвада унаага бомба койгон жигит видеого түшүп калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан