Кыргызстандан Түштүк Кореяга 23 адам жумушка жөнөтүлдү

Кыргызстандан Түштүк Кореяга 23 адам жумушка жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, жумушка жөнөтүлгөн жарандар министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан окуудан өткөрүлгөн.

Борбордон билдиришкендей, окутуу программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Кореянын маданиятын жана тарыхын изилдөө аркылуу маданияттар аралык түшүнүүнү, кызматташууну илгерилетүү;
  • социалдык нормалар;
  • корей тилин билүү деңгээлин жогорулатуу;
  • корей коомуна жакшы интеграцияланууга жана кабыл алуучу тараптын кесиптештери жана жетекчилиги менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүүгө жардам берген салттар.

"Аталган борбор 17 жылдан бери кыргыз жарандарын Кореянын ишканаларында ишке ийгиликтүү орноштуруп келет. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ишке орношту. Программанын негизги талабы - корей тилин билүү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан