"Кинодо жаңы образдарды жаратам". Актриса Асема Токтобекова 38 жашка толду

Бүгүн, 25-июль күнү актриса, ырчы Асема Токтобекова 38 жашка толду.

SUPER.KG порталы актриса айымды өздүк майрамы менен куттуктап байланышты.

Анда Токтобекова туулган күнүн жакындары менен белгилөөнү мерчемдеп жатканын, жакында жаңы эмгектерди тартуулаарын айтты.

"Туулган күнүм негизи 3 күн болот, 24ү башталып, 26сында аяктайт. Көбү кайсы күн экенин билбей адаша беришет (күлүп). Алгачкылардан болуп мен сыйлаган жакын адамдарым куттукташты.

Бүгүн жакын санаалаштарым, кесиптештерим менен чакан жабык кече уюштурганы жатабыз. Дайыма эле туулган күн тосууну пландабайм, бирок ар дайым эле белгиленип калат.

Чыгармачылыгымда жаңылык өтө көп. Азыр айтпай турайын. Жакында Казакстан, Москва жана Бишкек шаарындагы эмгектеримди көрөсүздөр", - дейт актриса.

Ошондой эле кино жаатында да жаңы образдарды жаратарын кошумчалады.

Асема Токтобекова 1986-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыш факультетин, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун аяктаган.

Ошол эле жылы "Боз салкын" тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн "Восток-Запад" эл аралык кинофестивалында "Эң назик образ" байгесине ээ болгон.

Ал "Такебай", "Сүйүү күчү", "Уурунун махабаты", "Махабат" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Мындан тышкары "Асем кыз", "Жымыңдайт жылдыз", "Коштошуу", "Туулган жер", "Кыргыз бий" жана башка ырлары менен ырчы катары да тааныла алган.

Асема Токтобекова жолдошу Акжол Нишанов менен 3 баланы тарбиялап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан