Казакстандык балбан кыз, Азиянын 3 жолку чемпиону Жамиля Бакбергенова кыргыздардын колдоосуна баа берди. Анын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга жем таштады.
Видеодо балбан кыз кыргыз элинин биримдигине, спортчуларына көрсөткөн колдоосуна суктанарын айткан.
"Залда машыгып жүрсөм бирөө "кыргыз кыздарындай күрөшпөйсүңөрбү" дейт. "Силер кыргыз байкелердей спортчуларды колдой аласыңарбы?" дедим. Кыргыздар жеңишке жетсе үйүн да, унаасын да алып берет экен. Мага да алып бергиле деген жерим жок. Кыргыздар спортчуларды жапырт колдошот. Машыктыруучусу да колдойт. Бизде жеңсек дагы, жеңилсек дагы мазакташат", - деген Жамиля Бакбергенова.