Ырчы Кызсайкал Кабылова апасы Тамара Курманалиева менен дуэт аткарууда. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Анда ал апасы жаш кезинен баштап ырдап келерин, анын кыялын орундаткандан ырахат аларын айткан.
"Апам жаш кезинде филармонияда ырдачу. Жаш кезинен ырдоону, чоң сахнага чыгууну кыялданган апам эми минтип балдары менен чогуу ырдап отурат.
Мындай талант бизге апамдын сүтү менен кирген окшойт. Азыр ар бир баласы, жадакалса келиндери да ырдайт. Апам ырдоодон ырахат алса, ага бул лаззатты тартуулоого ар дайым даярмын", - деген ырчы.