Аргентина Олимпиададагы беттештен кийин ФИФАга арыз менен кайрылды

Аргентина футбол ассоциациясы Олимпиада беттешиндеги окуядан улам Эл аралык футбол федерациясынына (ФИФА) арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Түштүк Америка өлкөсү ФИФАдан футболчулардын коопсуздук чараларын жакшыртууну талап кылуусуна кечээки бетеш себеп болгон.

Эске салсак, тайпалык баскыч оюндарындагы аргентиналыктар менен марокколуктардын беттеши жаңжал менен аяктаган. Марокконун күйөрмандары атаандаш команданын футболчулары эсепти теңегенден кийин оюн талаасына чуркап чыгып башаламандык жаратышкан. Мындан улам беттеш токтотулуп, аргентиналыктардын экинчи голу офсайд деген жүйө менен жокко чыгарылган. Жыйынтыгында 2:1 эсеби менен африкалык команда жеңип кеткен.

Бул оюнга аттактуу футболчу Лионель Месси дагы реакция жасап, өзүнүн Instagram баракчасына билдирүү калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан