Кыргызстандык калыстарлар VAR системасын колдонуу боюнча окуунун экинчи этабынан өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда ата мекендик калыстар VAR системасын колдонуу боюнча окуунун экинчи этабынан өтүшүүдө. Окутуунун биринчи бөлүгү бүгүн, 25-июлда аяктаса, экинчиси 4-августта жыйынтыкталат.

Маалымдалгандай, окутуунун инструкторлору болуп өзбекстандык адистер Валентин Коваленко жана Жахонгир Саидов жүргүзүүдө.

“Ага жалпысынан 13 калыс жана 10 калыс жардамчысы катышууда. Катышуучулар азырынча симулятордо оюн кырдаалын талдап, практикалык машыгуудан өтүүдө. Кийинчерээк практикалык машыгуулар оюн учурунда жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан