Бүгүн, 26-июлда Франциянын борбору Париж шаарында төрт жылда бир өтүүчү Жайкы Олимпиада оюндары старт алат.
Олимпиада оюндарынын ачылышы Париждеги Сена дарыясында болот. Франциянын спорт министри көрүүчүлөрдү таасирдүү көрүнүш күтүп турганын айтты. Салтанаттын чоо-жайы жашыруун сакталат.
Сена дарыясын бойлой кайыктар менен сүзүүчү спортчулардын дээрлик алты чакырымдык парадына 206 өлкөдөн 10 жарым миңдей спортчу катышат. Мындан тышкары ар бир көрүүчү олимпиадалык спортчуларды жакындан көрө алышы үчүн кайыктар атайын камералар менен жабдылат.
Ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча саат 23:30да башталат.