Социалдык тармактарда өзүн “Принц” деп атаган улан өспүрүмдү кордоп жаткан видео тарады.
Анда кордук көрсөткөн улан берки балага бутун өптүртүп, кайра анын бутуна бычак сайып, баарын видеого тартып алган.
Маалыматтарга караганда, окуя Чүйдүн Сокулук районунда орун алган. Кордук көргөн өспүрүм 16 жашта экени айтылууда.