"Байге фонду бир миллион сом". Комузчуларга кароо-сынак жарыяланды

20-августтан 7-сентябрга чейин комузчулар арасында “Кылымдардын үнү” кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу "Мурас арт" коомдук фондунан билдирди.

Маалыматка ылайык, конкурс Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын 80 жылдыгын белгилөө максатында өткөрүлөт.

Сынактын шарттары:

Жаш курактык чектөө:

1) 14 жаштан 25 жашка чейин;
2) 26 жаштан 45 жашка чейин;

Сынак 2 баскычтын негизинде өтөт:

I баскыч - облустук деңгээлде өткөрүлүп, ар бир облустан ар курактык ченден бирден мыкты комузчу тандалып алынып, II баскычка жолдомо алышат.

Ар облустан атайын калыстар тандалып алынат жана сынак ушул жылдын 20-25-август аралыгында өтөт.

Биринчи баскычтан озунуп чыккан катышуучулардын тизмеси 26-августта kylymdar.yny@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.

II баскыч - финалдык тур. 6-сентябрь комуз күнүнө карата Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

7-сентябрда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана гала-концерт болот. Байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

Сынакка уюштуруучулар тарабынан белгиленген төмөнкү күүлөр менен гана катышууга мүмкүн:

Карамолдо Орозов:
- Ибарат;
- Чоң кербез;
- Жаңы кербез;
- Сынган бугу;
- Камбаркан;
- Бешик күү;
- Көкөй Кести;
- Жаш кербез.

Токтогул Сатылганов:
- Тогуз кайрык
- Миң кыял.

Атай Огонбаев:
- Маш Камбаркан;
- Маш ботой;
- Ак-тамак, көк-тамак.

Асанбек Кыдырназаров:
- Кыргыз көчү;
- Таш жалак.

Чалагыз Иманкулов:
- Кыз кыял;
- Кубаныч.

Ыбрай Туманов:
- Жаш тилек;
- Кеңеш;
- Жеңиш;
- Боз салкын.

Ниязалы Борошев:
- Келиндердин эрке күүсү;
- Кер толгоо;
- Кара өзгөй
- Apcap күү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан