Кечээ, 25-июль күнү Бишкек шаарында "Мисс Кыргызстан-2024" сулуулар сынагы болуп өттү.
Анда үч катышуучу төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчү аталды.
24 жаштагы Айпери Нурбекова – "Кыргызстан Жер сулуусу"
18 жаштагы Мери Кувакова – "Кыргызстан Аалам сулуусу"
16 жаштагы Ариет Санжарова – "Кыргызстан Дүйнө сулуусу"
Аталган сынактын шарттары былтыр өзгөргөн. Анда мурдагыдай бир гана эмес, 3 катышуучу жеңүүчү болот.