Садыр Жапаров Парижде Олимп оюндарынын ачылышына катышты (видео) 

Президент Садыр Жапаров Франциянын Париж шаарында XXXIII Жайкы Олим оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу кечээ, 26-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысын жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды.

Ага ылайык, Олимп оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү. Париждин белгилүү жерлеринин жанынан 85 өлкөнүн делегациясы кайыктар менен сүзүп өтүштү.

Кыргызстандын мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өттү.

"Салтанатка келген конокторго – чет өлкөлөрдүн лидерлери, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданиятын чагылдырган көркөм өнөр тартуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө – күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.

Белгилей кетсек, оюндардын ачылышына 205 өлкөдөн 10 миңге жакын спортчу, ошондой эле жүздөн ашык мамлекет башчылары жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

Садыр Жапаров Парижде Олимп оюндарынын ачылышына катышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан