Эртең, 30-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында Денис Петрашов 200 метрди суучул брасс ыкмасы менен сүзөт.
Белгилүү болгондой, спортчу буга чейин 27-июлда 100 метрлик жарышта 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган эмес.
Париждеги Жайкы Олимпиада оюндары 26-июлда башталган. Анда Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргоп жатат. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.