"4 батирдин акчасы кеткен". Садыр Жапаров элчилердин батири боюнча маек берди

Бүгүн, 29-июлда Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Франциядагы элчилигинен кабар алып жатып "чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн батирлер жана кеңселер сатып алынат" деген сөзүнө комментарий берди. Ал "Кабар" агенттигине берген маегинде бир эле элчинин батирине берилген ижара акыга 4 үйдүн акчасы төлөнгөнүн айтып, 30 жылда канчалаган каражаттар кеткендигин билдирген.

"Ижарага алып келген кеңселер, ижарага алып жашап жүрүшкөн батирлер казынага оорчулук келтирип келген.

Бир эле мисал келтирейин. Калгандары баары окшош эле. Мисалы, Нью-Йоркто БУУдагы биздин өкүлчүлүк бар. Андагы өкүлүбүзгө 30 жылдан бери ижарага батир алып берип келет экенбиз. Айына 5 миң доллар ижара акысын төлөп жатыптырбыз. Элестеткиле эми, 30 жылда канча акчабыз кеткенин. Бир эле өкүлүбүзгө 4 батирдин акчасы кетиптир.

Эгерде тээ башында эле 1 батир сатып бергенибизде, 10 эле жылда өзүн актап, түбөлүккө мамлекеттин менчиги болуп калмак. 4 батирдин акчасы жөн эле ижара акысына кетип калыптыр.

Ушунун баарын мурдагы жетекчилер, министрлер ойлонуш керек эле да, алар кайдыгерлик кылышкан. Эми деле кеч эмес деп, бардык элчилерге, консулдарга жана чет өлкөлөрдөгү кызматкерлерибизге батирлерди сатып берип жатабыз.

30 өлкөдө элчиликтерибиз, 11 өлкөдө консулдуктарыбыз, БУУда өкүлчүлүгүбүз бар. Ар бир элчиликте, аз дегенде, 6-7ден көп кызматкер иштеп келет. Ар бири ижарага батир алат. Алардын баарына ижара акысы мамлекеттин казынасынан төлөнүп берилет.

Ошондуктан бир жолу сатып берип койсок, ал батирлер менен кеңселер түбөлүк мамлекеттин менчиги болуп кала берет.

Эбегейсиз суммадагы акчаларыбыз үнөм болот. Коммуналдык төлөмдөрдү төлөп коюп, кызматкерлерибиз жашай беришет. Чет өлкөдө буга чейин үч эле өлкөдө өзүбүздүн кеңсебиз бар экен.

Бирөө Берлинде, өз убагында Апас Жумагулович демилгелеп сатып алып койгон экенбиз. Экинчиси, Брюсселде, Чыңгыз Айтматов агабыздын демилгеси менен алыныптыр. Үчүнчүсү, Москвада.

Калган өлкөлөрдүн баарында ижарага алып олтурушат. Мындан ары ижара деген сөздү укпашыбыз керек. Эки жыл мурда бардык өкүлчүлүктөргө батирлерди, кеңселерди сатып бергиле деп министрликке буйрук бергем.

Азыр иштер жүрүп жатат. Бардык өкүлчүлүктөргө кеңселик жай, батир сатып берип жатабыз", - деп белгилеген өлкө башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан