
Бүгүн, 29-июлда Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 3-туруна арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, арыздарды кабыл алуу 31-июль күнү саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.
"ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контрактык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү. II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитурент кабыл алынды", - деп жазылат анда.
Ушул тапта эң көп абитуриент кабыл алынган ЖОЖдор:
1. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 3552;
2. Ош мамлекеттик университети – 2951;
3. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 2565;
4. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 1502;
5. Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети – 1470;
6. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 1380;
7. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 836.
2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо
“Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.