Париж шаарында өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында Япония, Австралия жана АКШ курамалары алдыңкы үчтүккө чыкты.
Бүгүн, 29-июль Бишкек убактысы боюнча саат 11:00гө карата Япония 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга Австралия 4 алтын, 2 күмүш медалы менен жайгашса, АКШ 3 алтын, 6 күмүш жана 3 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган жана 11-августка чейин уланат.
Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.