Түштүк Кореянын сууда сүзүү федерациясынын (KSF) президенти Чон Чанхун Korea Times гезитине 4х200 метрге эркин стилдеги эстафетага даярданган Түштүк Кореянын сууда сүзүү боюнча курама командасынын алты мүчөсү транспорттук шарттардын начардыгынан улам Олимпиада шаарчасынан чыгып кетишкенин билдирди.
Спортчулар Париждеги автобуска нааразы болушкан. Тактап айтканда, спортчулардын бири транспортто кондиционердин жоктугуна нааразы болуп, аны саунага салыштырган.
"Аба автобуска караганда сыртта салкыныраак. Автобуста болсо саунада жүргөндөй. Көбүнчө Олимпиада шаарчасынан бассейнге чейинки жол 40-45 мүнөттө болсо, бүгүн бизге бир жарым сааттан ашык убакыт кетти. Терезелер террордук чабуул коркунучунан улам скотч менен жабылган, ача албайсың", - деп нааразы болгон ал.
Жыйынтыгында спортчулар Олимпиада шаарчасынан сыртка чыгып, 30-июлга чейин Париждин батыш четиндеги мейманканага көчүп кетишкен.