Бүгүн, 29-июлда маалымат жыйынында саламаттык сактоо министр Алымкадыр Бейшеналиев Нарын шаарында эмдөөдөн кийин каза болгон 3 жаштагы баланын өлүмү боюнча комментарий берди.
Анда министр бул факты боюнча комиссия түзүлгөндүгүн, ишти өз көзөмөлүнө алгандыгын айтты.
"Эмдөө алганга чейин балада башка кошумча оорулар бар экени аныкталган. Бул боюнча комиссия иш алып барып, бардык жагдайлар иликтенип жатат. Комиссиянын иши аяктагандан кийин баланын өлүмүнө вакцинанын тиешеси бар же жогун айта алабыз", - деди министр.
Белгилей кетсек, буга чейин Нарын шаарында үч жашар бала эмдөө алгандан кийин каза болгондугу айтылган. Саламаттык сактоо министрлиги окуя боюнча иликтөө иштерин баштаган. Көп өтпөй Республикалык иммунопрофилактика борбору колдонулган вакцинанын сапаты боюнча билдирүү таратып, вакцина натыйжалуу жана коопсуз экенин билдирген.