Чүй облусунун Кара-Балта шаарында темир жол өтмөгүндө жеңил унаа менен тепловоз кагышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 29-июлга караган түнү болжол менен саат 3:00дө болгон.
"1987-жылы туулган С.М. Ауди-С4 үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып Бишкекти көздөй бара жаткан тепловоз менен кагышкан. Ал шлагбаум жабылып турганына карабастан айдап өтүүгө аракет кылган. Тепловозду 1984-жылы туулган З.Т. башкарып бара жаткан", - деп билдиришти милициядан.
Кырсыктын кесепетинен Ауди-С4 унаасынын айдоочусу жана жанындагы жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.