30-июлда күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +34…+36 градус болот.