Ош-Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 29-июль күнү Ош-Ноокат жолунда мал союлуп, түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлады.

Ага ылайык, Ноокат районунун баш имамы Бекназар ажы Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл-журттун амандыгын тилеп түлөө өткөрүштү.

"Бул жылы Ноокат районунун тургундары үчүн тилсиз жоодон улам оор сыноолор келип, көпчүлүктү кайгыга салды.

Эзелтен ата-бабаларыбыз мындай учурларда Жаратканга дуба кылып, эл-журттун амандыгы үчүн түлөө өткөрүшчү. Биз да жол кырсыгы жана башка апааттардан алыс болуу үчүн дуба кылдык. Аллахым дубаларыбызды кабыл кылсын", – деген баш имам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан