Өлкөдө мектеп директорлорунун бош кызмат орундары үчүн өткөрүлгөн компьютердик тестирлөөдө 28 талапкер босого упайдан өттү. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.
Маалыматта сынак 26-июлда өткөнү айтылат.
Анын ичинде: Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 5, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 4, Талас облусунда 1, Ош облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 1 талапкер өттү.
Жеңүүчүлөрдүн тизмесин шилтеме аркылуу көрө аласыз.