Дүйнөлүк күрөш уюму Акжол Махмудов тууралуу видео менен бөлүштү 

Дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону, Кыргызстандын балбаны Акжол Махмудов туурасында тартылган кыргыз тилиндеги видеону Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун сайты өз баракчасына бөлүштү. Махмудовдун сүрөтү ал баракчанын негизги бетинде 2023-жылдан бери илинип турат.

Белгилей кетсек, Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун рейтингинде өзүн салмагында дүйнөдө биринчи орунга чыккан балбан Махмудов Францияда өтүп жаткан олимп оюндарына кураманы баштап кеткен.

Ал 6-август күнү 77 килограммга чейинки салмактагы балбандар менен күч сынашат. Күрөш Бишкек убактысы боюнча 15:30да башталат.

Айта кетсек, Кыргызстан курама командасынан жалпы 16 спортчу олимп оюндарына жөнөп кеткен.

Махмудов жөнүндөгү кыргызча видео Дүйнөлүк күрөш уюмунун баракчасына жайгаштырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан